www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Владимир Зеленский Швейцария мамлекетин Украинага курал-жарактарды реэкспорттоого уруксат берүүсүн өтүндү.
Reuters агенттигинин маалыматына караганда «Владимир Зеленский Украинага курал-жарактарды реэкспорттоодого Швейцария мамлекети жардам берүүсү керектигин жана бул орустар менен кармашууда өмүр үчүн маанилүү кадам болоорун билдирген»
Видеокайрылуу менен чыккан Зеленский Швейцариянын Мыйзам чыгаруу жыйынынын эки палатасына тең кайрылып, «сиздер бул маселени талкуулап жатканыңыздарды билем, ошондуктан Украинаны коргоодо жана тынчтыкты орнотууда курал керек экендигин, бул багытта реэкспорт маселесин оң чечип берүүлөрүн» суранган.
Сөзүнүн соңунда Зеленский Швейцарияны глобалдуу тынчтык саммитин өткөрүүгө чакырды.
Негизи Швейцария мамлекети башынан эле швейцариялык куралдарды сатып алышкан өлкөлөрдүн чатакташып жаткан тараптарга куралдарды сатуу жана реэкспорттоо маселелерине тыюу салган саясат жүргүзүп келет.
Швейцария өткөн жылдын ноябрь айында Россияга же Украинага ок-дары ташууга тыюу салган атайын швейцариялык эмбарго киргизген.
Европалык коңшусун камкордукка алуудан тышкары өлкөнүн тышкы саясаттагы салттуу бейтараптык позициясынын ортосундагы тең салмактуулукту аныктаган бул маселе Швейцария коомчулугунда кеңири талкууну жараткан.
Булак: NazarNews.kg