www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын президенти Владимир Зеленский Түндүк Корея Орусияга согушка катышуу үчүн дагы 10 миң аскер кызматкерин жөнөтүүгө даярданып жатканын билдирди.
Зеленскийдин айтымында, учурда Орусияда 8 миңден ашуун түндүк кореялык аскер бар. Ал бул маалыматты Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгынын маалыматына таянып айтты.
Украин президенти ошондой эле Кремль Түндүк Кореяга аскердик жардам үчүн технология берип жатканын, анын ичинде «Шахед» тибиндеги сокку уруучу дрондорду чыгаруу өндүрүшү жолго коюлганын билдирди.
Буга байланыштуу Зеленский АКШ жана Европа өлкөлөрүн Орусияга каршы санкциялык басымды күчөтүүгө чакырды.