www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Анын айтымында, Президенттин тапшырмасы менен Министрлер Кабинети зергерчилик тармагын өнүктүрүүгө багытталган жаңы чараларды иштеп чыкты.
Ага ылайык, зергердик буюмдарды өндүргөн ишканалар алтынды Лондон биржасынын баасынан 2% төмөн сатып ала алышат. Алтын алдын ала төлөмсүз жана 6 айга чейин төлөмдү кийинкиге жылдыруу шарты менен берилет.
Ошондой эле мамлекеттик банктар зергер-ишкерлерге жабдуу сатып алуу үчүн жылдык 6% менен жеңилдетилген насыя бере баштайт.
Мында 180 күндүк жеңилдетилген мөөнөт каралып, бул убакытта пайыз төлөнбөйт.
Шыкмаматовдун айтымында, бул чаралар зергерчилик тармагын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экспортту көбөйтүүгө жардам берет.