www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басарлары болуп Асанов Алмазбек Аскерович жана Жумалиев Нурбек Алмазбекович дайындалды.
КР Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев жаңы дайындалган жетекчилерди ӨКМдин өздүк курамына тааныштырып, алдыдагы жооптуу ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады. Ошондой эле министр алардын бул түзүмдө тажрыйбасы мол экенин белгилеп, жогорку кызматты татыктуу жана ишенимдүү аткарып кете аларына ишеним артты.
Полковник Асанов Алмазбек Аскерович 1979-жылы 28-декабрда Ош облусунун Ноокат районундагы Эски-Ноокат айылында туулган.
2002-жылы Россиянын Тамбов шаарында Радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу боюнча аскердик университетин, 2010-жылы Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу академиясын аяктаган.
2003-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ар кандай түзүмдөрүндө кызмат өтөп келген.
Жумалиев Нурбек Алмазбекович 1973-жылдын 25-ноябрында Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылында туулган.
1996-жылы Кыргыз Агрардык Академиясынын Гидромелиорация факультетин аяктаган. Эмгек жолун 1998-жылы Жумгал райондук суу чарба башкармалыгынын Гидроучастогунун инженери кызматынан баштап, өзүнүн адистиги боюнча бир катар кызматтарда эмгектенип, 2007-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ар түрдүү түзүмдөрүндө кызмат өтөгөн.