www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунда үй сатууга байланышкан алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындан эки жыл мурун Сокулук районунун тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал 2022-жылы бир жаран ишенимине кирип, Сокулуктагы үйүн 1,7 миллион сомго сатуу боюнча келишим түзүп, алдын ала 1,6 миллион сом алып, бирок үйдү башка адамдарга сатып жибергенин билдирген. Акчаны кайтарбай, байланышка чыкпай кеткен.
Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголду.
27-мартта ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүү 1962-жылы туулган М.И.ни кармашкан. Ал КРнын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы учурда иликтенүүдө. Тергөө иштери уланууда.