www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кара-Таш айылындагы "Акниет-Шооласы" бала бакчасынын директору социалдык тармактарда тараган видеодон кийин кызматтан алынат. Бул тууралуу Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жоомарт Акматов билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда бала бакчанын директору менен тарбиячынын урушуп, сөгүнүп жаткан видеосу тараган.

Акматовдун айтымында, окуя 24-апрелде болгон.

"Мага окуя тууралуу ишемби күнү кабарлашты. Ошол эле күнү мен видеону көрүп, директорду жумуштан кетиреримди жарыяладым. Ошондой эле, тарбиячыларга тартиптик чаралар көрүлөрүн билдирдим", - деди ал.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы окуя Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүндө катталганын жана алдын ала тергөө башталганын билдирди. Тергөө учурунда окуяга тиешеси бар жарандар суракка алынган.

Милициянын маалыматы боюнча, бала бакчанын директору менен тарбиячы бири-бирине эч кандай дооматы жок экенин жана эч кимге арыз жазбаганын билдиришкен.

Алардын жумуш учурундагы аракеттери тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан каралат.

Последние новости