www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жайыл районундагы милиционерлер кыздын айынан жаңжалдашып, ок чыгарышкан. Опер кызматкери ошол атышуунун натыйжасында бутунан жаракат алган. Тергөө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоо органдарындагы булактар билдирди.

Алардын айтымында, окуя 2020-жылдын 6-апрелинен 7-апрелине караган түнү өзгөчө кырдаал учурунда болуп, Жайыл районунун милиция кызматкерлери Алексеевка айылындагы өткөрүү пунктунда турушканда кыздын айынан өз ара чатакташышкан.

Такталбаган маалыматтарга караганда, милиционерлер өткөрүү пунктунда турушуп, спирт ичимдигин ичишкен. Кылмыш иликтөөчү Н.О. менен тергөөчү И.Э. аттуу орган кызмактерлеринин ортосундагы жаңжал ошол постто жүргүнчүлөрдүн дене табын өлчөгөн медайымдын айынан улам  тутанган.

​​ Чыр-чатактын жүрүшүндө Н.О. аттуу опер кызматкери тергөөчү И.Э.ни сабаган. Сабалган тергөөчү опер кызматкерин көздөй ок чыгарганда, бактыга жараша анын бутуна тийгени менен сөөгүнө жеткен эмес.

Ооруканада милиция кызматкери Н.О.го медициналык жардам көрсөтүлгөн. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери өз ара макулдашышканына байланыштуу бул факт катталган эмес. Бирок, булактын маалыматы боюнча, Ички тергөө кызматынын кызматкерлери окуя болгон жерге да барышып, бардыгын билип туруп, эмнегедир ишти жаап коюшкан. https://kaktus.media/lenta4/static/img/3x2.jpg

Бул факты боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тергөө амалдарын жүргүзүп, факты Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча катталган.

Булак: NazarNews.org

Последние новости