www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылын 15-май күнү Ош облустук Ички иштер башкармалыгы ички иштер органдарында кызмат өтөп жатып кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгондорду эскеришти. Иш чара куран аяттарды окуу жана бир мүнөттүк алардын элесин эскерүү менен башталды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Малик Нурдинов, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын ардагерлер Кеӊешинин төрагасы Боркошов Токтосун жана Ош ОИИБдин бөлүм кызмат башчылары аталган башкармалыктын имаратынын короосунда жайгашкан кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин айкелине гүл чамбарларды коюшту.

Ош ОИИБдин начальниги, милициянын полковниги Малик Нурдинов кызмат учурунда курман болгон кесиптештеринин дээрлик көпчүлүгү менен чогуу иштешкендиктен алардын эрдиги жана өрнөктүү өмүрү туурасында жаш кызматкерлерге айтып берди. Алардын элеси эч качан кесиптештеринин эсинен чыкпай тургандыгын жана өрнөктүү өмүрлөрү жаш кызматкерлер үчүн үлгү болуп, Кыргыз милициясынын тарыхында ысымдары түбөлүккө алтын тамгалар менен жазылып, алардын ысымдары менен көчөлөрдүн, мектептердин аттары аталгандыгын жана алар жөнүндө китептер жазылып, документалдуу фильмдер тартылгандыгын баса белгиледи.

Бүгүнкү иш-чаранын негизги максаты Кыргыз Республикасынын бүтүндүгүн сактоодо, коркунучтуу кылмышкерлер менен күрөшүүдө коомдук коопсуздукту камсыз кылууда жарандардын укуктарын коргоо учурунда баатырларча курман болушкан Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ысымдарын түбөлүккө калтыруу болуп саналат.

1991-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде Ош облустук ички иштер башкармалыгында кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болушкан милиция кызматкерлеринин саны 35 ке жеткен.

Алардын айрымдарынын ысымдарын атай кетчү болсок, милициянын полковниктери Алиев Уран Маматканович, Султанов Адылбек Карабаевич, милициянын майорлору Эргешов Жылдызбек Абдрахманович, Коробаев Маматай Жунусович, милициянын кенже лейтенанттары Сайдиев Нурланбек Жанышович, Шамурзаев Уран Жумаевич, Маккамбаев Руслан Байышович, милициянын старшиналары Карабалтаев Замирбек Алтымышович, Бокоев Жээнбек Парпиевич ж.б..

Эскерүү күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин Буйругунун негизинде 2016-жылдын 15-майынан бери карай белгилене баштады . 

Булак: NazarNews.org

Последние новости