www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ар бир тармактын өзүнүн дасыккан адистери, алдыны көрө билген көрөгөчтөрү бар. Архитектура багытында да көпчүлүктөн ат чабым алдыда жүрүп, жаш адистерди тарбиялоого өзгөчө басым жасаган инсан Нарбаев Каныбек Жайчиевич. Анын жасаган долбоорлору Бишкек шаарында эле эмес өлкөнүн бир топ аймактарында ишке ашкан. Ошондой жөнөкөй архитектордон министрлик кызматка чейин жеткен каарманыбыз архитектура-курулуш тармагына өзүнүн опол тоодой салымын кошкондордун бири. КРнын эмгек сиңирген курулушчусу өзүнүн бай тажрыйбасы менен бөлүшүп, келечек пландары, долбоорлору тууралуу "AksyNews.kg" маалымат агенттигине маек курган.

--Архитектура жана курулуш тармагындагы көйгөйлөр. Бизде шаар куруу планы барбы? Улуттук калорит шаар курууда пайдаланылуудабы? 

--Архитектуралык туура саясат жүргүзүү үчүн, так, даана түзүлгөн башкы пландар керек. Бирок андай долбоорлор биздин айыл-кыштактардын көпчүлүгүндө жок. Болгону Бишкек, Ош шаарларында гана бар. Советтер союзу убагында шаарларды, облустарды, райондорду куруунун өзүнүн атайын пландары бар болчу. Тилекке каршы кийин эле бул долбоорлор ишке ашпай, каралбай калды. Баары акыр аягы келип эле каражат маселесине такалды. Биз улуттук калоритти чагылдырып берүүчү имараттарды курушубуз керек. Биздин институттун 37 кабаттуу имарат куруу планы бар. Дал ошол долбоор ишке ашып калса, улуттук калоритте жасалат. Ошондой эле ал Кыргызстандагы эң бийик курулуш болору дагы чын. Муну ишке ашыруу үчүн мыйзам тарабынан дагы туура багыттар берилүүсү зарыл. Себеби курулган имараттар 5,6 же 10 жылдык эмес да. Бери дегенде эле 100 жылдык болуп курулат. Элдер пайдаланып, жашап, кийин ал жерлер тарыхый табылга катары каралып калат десек болот.

--Эң биринчиден чыгармачыл жана дасыккан архитектор катары келечектеги борбор калааны кандай элестетесиз?

--Келечекте борборубуз дүйнөлүк масштабдагы өнүккөн шаарлардын катарын толуктайт деп ишенемин. Мисалы мурда Фрунзе болуп турган учурунда чакан шаар болгон. Бирок масштабы, инфраструктурасы башкача эле. Элдин көз карашына, талабына жараша бүгүнкү күндө дагы өзгөрүүдө. Шаарыбыздын келечеги бар деп айта аламын. Ал үчүн биз архитекторлор эмгектенишибиз керек.

--Архитектура тармагында мыйзамдарды иштеп чыгуучу кадрларды даярдоо кайсы багытта кетиши керек? Кантип даярдай алабыз?

--Бизде архитектор, дизайнерлерди, куруучуларды даярдайт, бирок атайын мыйзам чыгаруу багытында кесипкөйлөрдү даярдабайт. Ошолордун ичинен эле мыйзам жагына өзгөчө таланты, жөндөмү бар адамдар өздөрүнчө бөлүнүп калат. Ал кайдан болот? Ал практикадан болот. Иштеп жүргөндө көптөгөн маселелердин үстүндө алар менен жолугушуп, чечүү жолдорун чогу издегенде байкалат. Кыргызстанда шаар куруу боюнча, административдик, жер, жеке турак-жай боюнча мыйзамдар бар. Алар архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги тарабынан чыгарылган. Мыйзам деген бир жолу эле жазылып токтоп калбайт, керек болсо ар айда, ар жылда өзгөрүп, жаңыланып туруусу керек. Себеби жашоодо күн сайын өзгөрүүлөр болуп турат, андыктан мыйзам дагы ага шайкеш келүүсү зарыл.

--Маектериңиздин биринде чек арага жакын аймактагы шаарларды өнүктүрүү боюнча өзүңүздүн оюңузду айткан экенсиз. Ошол тууралуу айта кетсеңиз.

--Чек ара мамлекеттик деңгээлдеги эң көйгөйлүү маселе. Андыктан ага жакын жайгашкан шаарларды, айылдарды өнүктүрүү зарыл. Ал үчүн шаар куруунун башкы долбоору керек. Башкы долбоорго бир гана курулуш саясатын эмес, өнөр-жай тармагын дагы камтып кетүү зарыл. Ар бир жердин өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Кээ бир жерде жеңил өнөр жай өнүксө, кээ бир жерде дыйканчылык. Элди кошумча жумуш менен камсыздоо үчүн мына ушул нерселерди башкы планда эске алуу зарыл. Мен архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинде иштеп жүргөндө дагы бул нерсени бир нече ирет айтып чыкканмын. Чек арада жашаган элге бир топ жеңилдиктер каралып, шарттар түзүлүп, кошумча айлык-акылар төлөнүшү керек.

--Аксы району дагы чек аралаш аймактардын катарына кирет эмеспи, сиздин чек арадагы шаарларды өнүктүрүү планыңызда Кербен шаары дагы каралганбы? Кербен шаарынын архитектурасынын абалы, эртеңки келечеги кандай?

--Аксы району дагы чек арада жайгашкан аймак. Ал жерде дагы бүгүнкү күнгө чейин кээ бир маселер ачык турат. Мен бүгүн шаар куруу долбоору боюнча гана айтып берейин. Кербендин шаар куруу башкы планын биздин балдар иштеп, шаардык кеңеш аны бекитип, тапшырганбыз. Кербен мурда айыл болгон учурунда кайра кооз болчу. Көзгө аябай сүйкүм көрүнчү. Кийин шаар статусун алды, бирок мурункудай кооздугу жоголуп кетти. Ага борбордук көчөлөрдөгү курулуштардын башаламан салынгандыгы, жол жээгиндеги иретсиз базарлар бирден бир себеп. Бир караган адамга эле шаар куруу планынын жок экендиги байкалат. Ал жерде бирден бир маселе аэропорт. Анын учуучу тилкеси чек арага жакын жайгашкандыктан чоңойто албайт экенбиз. Биздин планда аба майданды дагы башка жерге көчүрүү, жаңы кичи райондорду салуу каралган. Ушул долбоорду ишке ашырсак заманбап калаа курулат.

--Кайсы жерде төрөлгөнсүз, бала чагыңыз кайсы жерде өттү эле?

--Ар кимге өзүнүн туулуп, өскөн жери мисир деп коет эмеспи. Канча жерге барбагын барыбир өзүңдүн киндик каның тамган жерге жетпейт. Ал жердин суусу, абасы, тоо-ташы көзүңдөн учуп тура берет. Менин кичи мекеним Кербен. Биз бала кезде бул жерде айыл болчу. Таптаза, кооз, укмуштуудай жер эле. Ушул жерде төрөлүп, суусун ичип, абасын жутуп чоңойдум. Балалыгымдын бактылуу күндөрү дал ушул жерде калган. Кайда барбайын ал дайыма менин жүрөгүмдө, мени менен бирге.

--Турмуштук практикада деги эле жашоодо адамдар өздөрүнүн кылган эмгектеринен ырахат алышат. Сиз өзүңүздүн жасаган иштериңиз менен ишке ашкан кайсы долбоорлоруңуз менен сыймыктанасыз?

--Өзүмдүн тармагымда жөнөкөй архитектордон баштап, министрлик кызматка чейин жеттим. Бул жаатта ар бир баскычты басып өтүп келе жатам десем болот. Кайсы жерде иштебейин мен өзүмдүн жасаган ар бир ишимден ырахат аламын. Сенин колуңан чыккан долбоорлордун курулуп жатканын көрүү эргүү тартуулайт. Бир курулушту курууда жалгыз өзүң эмес бир жамаат иштейт. Шаардагы ишке ашкан көпчүлүк проектилерде мүчө болдум. Кыргызстандагы көптөгөн шаарларды курууда башкы пландардын авторумун. Ошондой эле Бишкектин Түштүк-Чыгыш району бир кезде биз түзгөн план менен курулууда. Мен өзүмдөн кийинки муундарды тарбиялоого, билгенимди үйрөтүүгө өзгөчө көңүл буруп келемин. Ушул нерсе мени көбүрөөк сыймыктандырат.

--Учурда «Ак-Башат» долбоорлоо институтун жетектеп турат экенсиз, ушул тууралуу айтып берсеңиз?

--2005-2007-жылдардан баштап өзгөчө Кыргызстанда, айрыкча Бишкек шаарында курулуш тармагы аябагандай өсүп баштады. Ошондо долбоорлоо маселеси көпкө туруп калды. Себеби, кээ бир топтор сертифкат, лицензия ала коюп 2-3 адам менен эле иштеп, кардар тарта берет. Анан ал пландар жылдап бүтпөй, сүрүлүп кетет. Анткени лицензиясы болгону менен адам жетишсиз. Бир долбоорду даярдап чыгаруу үчүн негизинен бир жамаат иш алып барат. Мына ушул нерселерди көрүп, биздин институт ачылды. Учурда бул жерде 90дой адам иштей, алардын көбү дасыккан жаш адистер. 

Булак: NazarNews.org

Последние новости