www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жайыл районундагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча жана спорт зал мамлекеттин менчигине кайтарылды

УКМК тарабынан текшерүү иш-чараларынын натыйжасында Жайыл районундагы Сосновка айылындагы бала бакча жана спорт зал мамлекетке кайтарылды.

2017-жылы К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, мурда ок атуучу куралдарды жана баңгизаттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон С.М.К. аттуу жаран, кылмыш жолу аркылуу аталган кыймылсыз мүлктөргө ээ болгон.

Тактап айтканда, коркутуп-үркүтүү, шантаж жана таасир этүү жолу менен Сосновка айылындагы мурда мамлекеттик менчикте турган бала бакчаны жана спорт залды алып, атасы С.К.Ж.нын жана агасы С.А.К.нын атына каттатып алган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, мүлк ээлери аталган объекттерге мыйзамсыз ээлик кылуу жана пайдалануу фактысын моюнга алышып, аларды өз ыктыяры менен Жайыл районунун Талды-Булак айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп беришти.

Последние новости