www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Эрнис Айдаралиев мектептеги рэкетчиликти токтотуу керектигин белгиледи.

«Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Каратай айылындагы №39 мектепте 9-кластын окуучусунун өмүрү кыйылды. Анда Т.Б. аттуу окуучу дааратканада 4 окуучу тарабынан токмоктолгон. Ички органына катуу сокку алып, дем жетпей бала үзүлгөн. Бала 1,5 сааттан ашык дааратканада жаткан. Жетекчилер, мугалимдер муну жашырып жатышыптыр. Эсин жоготту деп айтканына карабай, аймактык инспектор видео камералардын жаздырууларын караптыр.

Окуучулар, жаңы муун мыкаачы болуп бара жатат», - деди ал.

Последние новости