www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп Сауд Арабияда Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуу өткөрүүнү пландап жатканын билдирди. Анын айтымында, бул жолугушуудан кийин дагы бир жолугушуу болушу мүмкүн.

«Мен Путин менен негизинен телефон аркылуу байланышам, бирок жолугушууну да күтүп жатабыз. Биринчи жолугушуубуз Сауд Арабияда болушу ыктымал», - деди Трамп Ак үйдө журналисттерге.

12-февралда Владимир Путин менен Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүү бир жарым саатка созулду. Анын жүрүшүндө Украинадагы согушту жөнгө салуунун мүмкүн болгон варианттары талкууланды.

Сүйлөшүүдө Владимир Путин америкалык кесиптешин Москвага, ал эми Трамп Россиянын президентин АКШга чакырды.

Последние новости