www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун Кара-Суу районунда 9-класстын окуучусу чоң класстагы бала ур-токмокко алгандан кийин каза болгон. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, аларга 12-февралда Каратай айылында 9-класстын окуучусу жерге жыгылып, каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя боюнча териштирүү учурунда, № 39 орто мектебинин окуучулары өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Натыйжада жогоруда белгилеген 9-класстын окуучусу ур-токмоко кабылып, эсин жоготуп кулап калгандыгы маалым болгон.
Кылмышка шектүү катары 2007-жылы туулган Р.Н. аттуу жаш өспүрүм кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Бул факты каттоого алынып, тергөө чейинки текшерүү иштери башталган. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Аталган иш боюнча кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден-соолукка оор залал келтирүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө кызматы тарабынан окуянын чоо-жайын тактоо, ар тараптуу терең иликтөө боюнча тиешелүү иштер алынып барылууда.
Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаарындагы № 72 мектепте сабалган окуучу ооруканада каза болгону айтылган.