www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев мамлекетке 130 миллион сом зыян келтирген деген айып менен эки айга камалган иште Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин дагы кулагы чыга турган өңдөнүп калды.
Себеби, Самаевдин жыландын башын кылтыйткан сөзүнө караганда коррупция жыттанган схеманын түбү барып азыркы министр Амангелдиевге барып такалып жатат.
Анткени Самаев өз сөзүндө: "2018-жылы жылуулукка кошулган үйлөр экен. Менин кандай күнөөм бар?", - деп капка катылган шибеге Амангелдиев Токмокто мэр болуп иштеп турган мезгилде болгонун айтып жатат.
Демек, эми баары ачык айкын иликтенсе, мыйзамсыз жылуулукка кошулган үйлөр кимдин учурунда орун алганы калкып чыкканы турат. Акыйкат иликтөө жүрсө, кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп койгон Амангелдиевдин төбөсү сорок деп чыкчу жерде.
Сыягы, азыр сүттөн актай көрүнүп билмексен болгон менен эртедир-кечтир жоопкерчилик маселеси козоло турганы бештен белгилүү десек жарашат. Мыйзамдын укуругу узун демекчи, ал күн да алыс эместей...
Булак: NazarNews.kg