www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакыр жашаган балдар Жалал-Абад, Ошто көп

Кыргызстанда үй-бүлөсүн багуу үчүн эмгек миграцияга кеткендер кыйла көп. Алардын так эсеби жок, балким миллиондур, ошондо бардык калктын саны беш миллиондун ар жагы болуп калса, Улуттук статистикалык комитеттин пресс-кызматы билдиргендей 2019-жылы 17-жашка чейинки 660 800 балдар жакырчылыкта жашашат экен. Булардын алдында Жалал-Абад, Ош аймактары келатат. Аймактар боюнча жакырчылыкта жашаган балдардын саны төмөнкүдөй:

Жалал-Абад облусу боюнча – 160 945 бала;

Ош облусу боюнча – 105 273 бала;

Баткен облусу боюнча - 89 476 бала;

Чүй облусу боюнча – 88 642 бала;

Ысык - Көл облусу боюнча  - 61 647 бала;

Нарын облусу боюнча – 44 627 бала;

Талас облусу боюнча -20 713 бала;

Бишкек шаары боюнча – 58 336 бала;

Ош шаары боюнча -31 129 бала жакырчылыкта жашашат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости