www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордун ачылышына Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы милициянын полковниги Улан Рысбеков, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, аялдар кеңешинин мүчөлөрү жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган, Коомдук алдын алуу бөлмөсү, БУУнун баңги заттар жана кылмыштуулукка каршы боюнча Башкармалыгынын каржылык жардамы менен ачылып, атайын жабдыктар, компьютер менен камсыздалды.
Бул, Коомдук алдын алуу бөлмөсүнүн максаты — айыл аймагындагы укук бузууларды алдын алуу, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, коомчулук менен биргеликте коомдук тартипти көзөмөлдөө.
Бөлмөдө аксакалдар соту, аялдар кеңеши, жаштар комитети, аймактык тескөөчүлөр биргеликте коомчулук менен иш алып барат. Жарандар укук бузуулар тууралуу кат же оозеки түрүндө кайрыла алышат.
Милициянын полковниги Улан Рысбеков, “Эл менен тыгыз иш алып баруунун натыйжасында гана бардык кыйынчылыктардан, азыркы учурдагы оорчулуктан коронавирус илдетин жеңип чыга алабыз” – деп белгиледи.
Азыркы учурда, республиканын бардык аймагында 532 Коомдук алдын алуу борборлору ишин алып барууда. Борбордун максаты — айыл аймагындагы укук бузууларды алдын алуу, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, коомчулук менен биргеликте коомдук тартипти көзөмөлдөө.
Булак: NazarNews.kg