www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пандемияга, бийлик алмашуусуна, дагы башка шылтоолорго таянып, өзүбүздү-өзүбүз алдап жашап келе жатабыз. Жыл санап өлкөбүздүн экономикасы төмөндөгөнү төмөндөп баратат. Төмөндөгү чыныгы статистикага үңүлсөк дагы маанай түшөт.
Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча, Кыргыз-станда 2020-жылы экономика 8,6% ылдыйлады. Сомдун АКШ долларына карата курсу 19% төмөндөдү. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Кыргызсгандагы кеңсесинин башчысы Навид Хасан Накви медиа каражаттарынын өкүлдөрү менен жолуккан учурда айтты.
2019-жылы болжол менен калктын 20%ы жакырчылыктын жеткен чегинде жашаса, 2020-жылы бул көрсөткүч 31%га жетга, 2021-жылы дагы 35% болору күтүлүүдө.
Мындай кейиштүү абалды Хасан Накви эки себеп менен түшүндүрдү. Биринчиси - киреше булактарынын жоголушу жана инфляция, экинчиси - 2020-жьшы азык-түлүк баасынын 12%га жогорулашы.
Дуйнөлүк банк СОVID-19 пандемиясынын кесепеттерин жоюу үчүн Кыргызстанга жардам иретинде 160,15 млн. доллар бөлгөн. Анын 22,15 миллион доллары медицинага, 138 миллиону калктын аз камсыздалган катмарына жардам катары жана пандемияда жабыр тарткан орто, чакан бизнеске берилген.
Булак: Азия News гезити