www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Калыстык үчүн айтып коёлу, Жерүй алтын кени Атамбаев, Бабановдун колу менен 100 миллион долларга Кыргызстандын 1% үлүшү жок сатылган. Ага Садыр Жапаровдун тиешеси жок”, -деп жазып чыкты Семетей Талас уулу социалдык тармагына.
Ага кошумча: “Ал эми Жерүйдө 100 тонна алтын, 30 тонна күмүш бар. Бир тонна алтын 33 миллион 330 000 доллар. 100 тонна алтын, 3,5 миллиард доллар болот. 1,5 миллиарды чыгашасына кетсе 2 миллиард доллар пайда табат. Ушундай "бай" өлкөбүз биз. 30 тонна күмүшүң деле бери чети 25 миллион доллар болот. Ошон үчүн бизге Кумтөрдөн 10ну болсо деле өнүкпөйбүз дегеним ушундан”, деген пикири талкууга түштү.
Бекжан Шыгаев: -Ал жакта канча тонна алтын бар Семетей байке?
Семетей Талас Уулу: -100 тонна алтын, 30 тонна күмүш бар. Бир тонна алтын 33 миллион 330 000 доллар. 100 тонна алтын, 3,5 миллиард доллар болот. 1,5 миллиарды чыгашасына кетсе 2 миллиард доллар пайда табат. Ушундай "бай" өлкөбүз биз
Бекжан Шыгаев: -100 млнго кетсе ит бекер кетип аткан го анда.
Мирбек Илебаев: -Салык төлөйт болуш керек.
Чокоева Дамира: -Атамбаев да, Бабанов да типтирүү. Туура эмес кылган келишимди жокко чыгарып 100млн$ кустуруп, экөөнө эл макул эмес деп койсо болот го же 50% үлүшкө отурса КР.
Тынчтык Алтымышев: -100млн$ алып аш кылып кеткен дегендер үчүн. Ооба гос.доля сөзсүз киргизиш керек. Тем более Кум-Төрдөн кийин мээси жок да ойлонуп калды го алтындын пайдасы жөнүндө. Мурда го түшүнбөгөн энөө эл элек. Лицензиянын 100 млн. долларга сатылганы действительно жакшы болгон. + Мурдагы сот иштери. Просто мамлекеттик үлүш жок экени чоң катачылык.
Семетей Талас Уулу: -Арзан сатылган. Мамлекет өзү алып койо турчу жерде эле. Кыргызалтын 110 миллион доллар сунуштаган ошондо иши кылса кеминде 500 миллион долларга сатыла турчу алтын кен ит бекер сатылган. Салыктан башка эч нерсе калбайт. Ошон үчүн Садыр Жапаров менен жолукканда алтын чыгарган компаниялардын салыгын Өзбекстан, Казакстандай 60-70%ке чыгаралы. Эгер ошондой кылсак бюджетке 700 миллион доллардан, 1 миллиард долларга чейин пайда түшөт деп чырылдабадымбы? Андай кыла албайт уже. Экологияга зыян берген химикаттар менен иштешсе, анысын дүйнөлүк компаниялардын өкүлдөрү менен тастыктап, анан эл аралык соттон утуп, лицензияны кайтарып алыш керек. Азыр булар 100 миллиондун үстүнө дагы олчойто чыгымын кошуп туруп бизди сотко берет.
Тологон Сулайманов: -Өзү бизде саясат туура эмес! Жер кендери эмес, жер үстүн иштетиш керек!
Rita Begalieva: -"Мир"каналынан 90 тонна алтын бар”, - деди.
Семетей Талас Уулу: -10 тонна кемитип айтышкан тура. А чындыгында 100 тоннадан да көп болушу мүмкүн.
Баян Джумагулова: -Атамбаев менен Бабановду жоопко тартыш керек. А бирок кенди иштетүү укугу сатылганы менен кендеги алтын кошо сатылган эмес. Иштеткен компания менен генералдык келишим түзүп, казылган алтында Кыргызстандын үлүшүн аныктоо керек. Муну САДЫР АТКАРУУГА МИЛДЕТТҮҮ. Башкалар чычкан бокту артам, деп келген бийликке!
Бул Мен: -Азыр Кыргызстан канча % үлүшү бар, РФ канча %?
Семетей Талас Уулу: -КР 0%, РФ 100%.
Бул Мен: -Бул кандай акмакчылык. Өзүбүздүн байлыктан эч нерсе пайда көрбөсөк. Чет өлкө соттор менен өзгөртүш керек доляны. Путинге отчёт берип сыймыктанып сүйүнүп кетип калбай. Мындай акылсыздык нерсе бир гана бизде болсо керек. Өз пикириңди айтсаң душман болуп чыгасың.
Семетей Талас Уулу: -Башынан ошондой түзүлгөн. Атамбаевдин учурунда.
Эрназар Карыбеков: -АША менен Бабанов саткан кенди Жапаров колдоп атса анда баарынын эле саясаты окшош экен да. Пайда деле жок. Мамлекеттин кызыкчылыгын коргочу киши жок дегенде Жерүйдүн 50%. Пайызын мамлекетке алыш керек болчу. Жерүйдө алтын жок деп койсо деле таң калбаш керек.
Курстанбек Аскарбекович Заффаров: -Бабанчиктин досу дешет го чеченди! Өкмөттүн долясы болбогону менен БӨТтүн 100% долясы бар ал жерде! Бекерге эшикке да чыкпайтко БӨТ!
Orozaliev Nurdin: -Путинге караганда Бирштейин 100 эсе жогору экен. Кумтөрдүн кыргызга үлүшүн 70% чыгарып келишим түзгөн. Эми жок дегенде келишимди мамлекеттин пайдасына түзгүлө деп айтканга жараган жок. Кумтөрдөн 10 болсо деле өнүкпөйбүз го.
Булак: NazarNews.kg