www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Агрардык республика катары Кыргызстан Улуу Ата-Мекендик согуш учурунда немецтерден качып биз жакка келген завод-фабрикалардын эсебинен индустриалдуу республикага айланган. Бирок, эгемендүүлүккө жетээри менен орус тилдүү жумушчулар акчасы көп Орусияга кире качышса, Алмазбек Атамбаев, Албек Ибраимов сыяктуу бизнесмендер «тирүү» турган завод-фабрикалардын ордуна тиешелүү пайда келтире турган бизнестерди курушпай, темир-тезегин Кытайга кескилеп сатып, мульти-миллионерлерге айланышты. Алмазбек Атамбаев президент болгон соң өзүнүн издерин жашырыш үчүн Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Бекболот Талгарбеков, Нурлан Мотуев сыяктуу анын бийлигин сындагандарды камап, аз жерден аттырып жибере жаздады. Эгерде Кыргызстанда өлүм жазасы болгондо сөзсүз аттырмак. Чымындай жаны ажалдан тирүү калган Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевдин жөлөгү менен мамлекеттин башына келген. 2011-жылдын 11-январдагы президенттик шайлоо аны тастыктады. Учурда президент Жапаров айыл чарбада Талгарбековдун реформасы менен пайда болгон фермерлерди колдой баштады. Көп жылдары бул тармак Талгарбековдун реформасы катары көңүл бурулбай калган.

Президент Жапаров жана дыйкан-фермерлер  

Садыр Жапаровдун жактыруусу менен “Айыл чарбасын каржылоо – 9” долбоорун ишке ашыруучу чечими ишке аша баштады. 15-февралдан тарта, Кыргызстанда дыйкан жана фермердик чарбаларга жеңилдетилген кредит бериле баштады. Жеңилдетилген насыяларды кимдер жана кандай жол менен алса болот?

Долбоордун максаты

Жазгы талаа жумуштарын ийгиликтүү ишке ашыруу жана айыл чарба субъектилерин өз учурунда каржылоо.

Кредит кимдерге берилет?

Коммерциялык банктардан мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү (анын ичинде сугат суусун үнөмдөөчү технологиялар: тамчылатып сугаруу, күнөскана, интенсивдүү багбанчылык, органикалык айыл чарба өндүрүшү) жана айыл чарба азыктарын кайра иштетүү менен алектенген чарбалар алса болот.

Ошондой эле асыл тукум мал өстүрүү, үрөн чарбасы жана кант кызылчасын өндүрүү менен алектенген тараптарга артыкчылык берилет.

Үстөк пайызы

Тармактарга жараша жылына 6, 8 жана 10 пайыз менен берилет. Мисалы, мал жана өсүмдүк өстүрүү категориялары үчүн жылдык үстөгү 10 пайыз. Ал эми “Айыл чарбасын каржылоо – 9” долбооруна катышкан кайра иштетүүчү тамак-аш өнөр жайы ишканалары менен келишим түзүп иштеген мал чарбачылыгы жана өсүмдүктөрдү өстүрүү категориясындагы чарбалар сегиз пайыз менен насыя ала алат. Кайра иштетүүчү тамак-аш өнөр жайы ишканалары үчүн жылына алты пайыздык үстөк каралган.

Насыя канча жылга берилет?

10 пайыз менен берилген насыялардан кутулуу мөөнөтү үч жылдан ашпашы керек. Калган категориядагылар беш жылга чейин алса болот. 

Кутулуу боюнча кандай жеңилдиктер каралган?

Беш жылга насыя алган кардарлар алгачкы 12 айга чейин кредиттин негизги суммасын төлөөдөн бошотулат. Ал эми үч жылга алгандар алгачкы алты ай ичинде негизги сумманы төлөбөй турса болот.

Кандай документтер керек?

1.Насыя алып жаткан адамдын өздүгүн тактаган документ;

2.Никеде турган жаран болсо аны тастыктоочу күбөлүк (ажырашкандыгы тууралуу күбөлүк же өмүрлүк жарынын каза болгондугу тууралуу күбөлүк);

3.Жашаган жеринен жана үй-бүлө курамы тууралуу маалым кат;

4.Мал-жаны же айыл чарба багытындагы жер тилкеси бар экенин тастыктаган документтер;

5.Асыл-тукум мал сатып алуу боюнча документтер.

Мындан тышкары, насыянын түрү жана каражат берчү банктын талаптарына жараша патенттин көчүрмөсү, кайра иштетүүчү ишкана менен келишим, күрөөгө коюлган мүлктүн документтери сыяктуу кошумча кагаздар талап кылынат.

Кайсы банктар аркылуу насыя алууга болот?

  • "Айыл Банкы";
  • "РСК Банкы";
  •  KICB банкы;
  • "Бай түшүм" банкы;
  • "Бакай Банкы";
  • "Оптима Банкы";
  • "Кыргызстан коммерциялык банкы".
  • Кредиттин суммасы
  • Мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү категориялары боюнча 18 айга чейин (күрөөсүз) алгандарга 150 миң сом, 36 айга чейин алгандарга (күрөө менен) 1 миллиондон 10 миллион сомго чейин насыя берилет. Сугатта сууну үнөмдөөчү технологиялары – тамчылатып сугаруу боюнча 3 жылга 10 миллион сом берилсе, ушул эле сумма 5 жылга багбанчылык менен алектенгендерге да каралган. Ал эми айыл чарба товарларын өндүрүүнү каалаган фермерлерге беш жылга чейинки мөөнөт менен 10 миллион сомго чейин каражат сунушталат.

Күрөөгө койчу мүлк жетишсиз болуп жатса эмне болот?

Мурун-кийин кредит алып жүрсөңүз "Кепилдик фонду" ААКсы тууралуу маалыматыңыз болсо керек. Эгер белгилүү бул сумманы алгыңыз келип, бирок күрөөгө койчу мүлкүңүз ага жетпей жатса, аталган фондго кайрылууга укуктуусуз. Фонд банк алдында сиз үчүн кепилдик берип, керектүү сумманы алууга жардам кылат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости