www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун эки районунда жаан-чачындан улам дарыянын деңгээли көтөрүлүп, кооптуу абал түзүлүүдө.

Сузакта жана Базар-Коргондо жалпысынан мындай участоктон алтоо экенин облустук администрация кабарлады.

Кызыл-Туу айыл аймагындагы Көк-Арт дарыясынын беш чакырым аралыгын бекемдөө керек. Анткени суунун көп келгени дарыянын жээгин жеп жатат. Буга чейин Кара-Дарыя айылындагы эки чакырым жээкке дамба куруу каралса, бүгүнкү күндө анын 637 чарчы метр аралыгы бүткөрүлгөн.

Каржылоо өткөн жылдагы пандемиялык абалга байланыштуу токтоп турат.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев дамбалардын абалы менен жеринде таанышты. Ал Базар-Коргон шаарындагы Кара-Үңкүр дарыясынын Көкчө-Көз участогунда болуп, суу ташкындарын алдын алуу багытындагы маселелер талкууланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости