www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунда санитардык талаптардын сакталышы күчөтүлөт

Жалал-Абад облусунда санитардык талаптардын сакталышы күчөтүлөт. Бул тууралуу коронавирус боюнча облустук штабдын отурумунда айтылып, район-шаар башчыларына тийиштүү тапшырмалар берилди.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинен тарта облуста COVID-19га кабылгандардын саны өсүүдө.

Облус башчысынын орун басары Ырысбек Ызабеков аймактарда санитардык эрежелерге болгон көзөмөл солгундугун сынга алды. Берилген тапшырмага ылайык, алдыда калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, банк, коомдук транспорт жана бардык социалдык объекттерде рейддерди уюштуруу күчөтүлөт.

Билим берүүчү мекемелерде санитардык талаптардын сакталуу зарылдыгы эскертилди.

Учурда облуста илдетке кабылган жалпы 47 адам дарыланууда. Оорунун катталуусу Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда басымдуу болууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости