www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
21-февраль – Эне тилдин эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад ОИИБ тарабынан эне тилди өркүндөтүү боюнча семинарлар уюштурулду.
Түзүмдүн маалыматына караганда, анда ар бир улуттун тили маанилүү экендиги айтылып, улуттар аралык ынтымак мындан ары да бекемделиши керектиги белгиленди. Мындай иш-чаралар облустун бир катар шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүндө өткөрүлүп, эне тилдин кадыр-баркын арттыруу багытында талкуулар жүргүзүлдү. Жыйындарда ар бир улуттун эне тили ошол элдин баа жеткис байлыгы, урпактарга калтыруучу кайталангыс мурасы экендиги белгиленди.
Мындан сырткары жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери мектеп окуучулары менен жолугушуп, ар улуттун тилинде көркөм чыгармалар окулду. Милиция кызматкерлери өспүрүмдөрдү эне тилди жана мекенди сүйүүгө чакырып, мыкты билим алууга үндөштү.
Булак: NazarNews.kg