www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 11-ноябрда ички иштер органдарында 30 жылдан ашуун эмгектенген милициянын подполковниги Эрмек Абдрасуловго полковник чини ыйгарылып, ардактуу эс алууга узатылды. Мындан сырткары бир катар кызматкерлерге кезектеги атайын наамдар ыйгарылып, кызматта жана спортто ийгиликке жеткендер медаль тагынышып, дипломдор менен сыйланышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мындан сырткары, 7-ноябрь маалымат жана басма сөз күнүнө карата ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн кеңири, айкын чагылдырууда, коомдогу укук маданиятын жогорку деңгээлге көтөрүүдө, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук тартипти сактоодо ички иштер органдары менен терең кызматташтыгы үчүн бир катар журналисттерге “Кыргыз милициясына 95 жыл” юбилейлик медалы, ИИМдин жана Жалал-Абад ОИИБдин ардак грамотасы ыйгарылып, алкыш жарыяланды. Басма сөз кызматкерлерин кесиптик майрамы менен Жалал-Абад ОИИБнин жетекчиси Кылычбек Жолдошов куттуктап, жоопкерчиликтүү жумуштарына ийгиликтерди каалап, аларды коомдун күзгүсү катары такталган, позитивдүү маалыматтарды көбүрөөк чагылдырууга чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости