www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн 18-ноябрда Жалал-Абад ОИИБнин имаратында кызматтык милдетине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгы, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук коопсуздукту сактоодо кошкон зор салымдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрүнүн түзүлгөндүгүнүн күнүнө карата ИИМдин “Кадырман” медалы менен милициянын полковниги Куттубек Калназаров, ИИМдин “Кыргыз милициясына 95 жыл” юбилейлик медалы менен милициянын подполковниги Айталы Уметалиев сыйланышты. Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан сырткары Ош шаарында болуп өткөн “Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө” карата уюштурулган бокс боюнча чемпионатта 69 кг салмакта 1-орунду багындырган атайын операциялык отрядынын (ОСО) кызматкери, милициянын старшинасы Мурасбек Шербаевге медал тагылып, диплом тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости