www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров жумушчу иш сапарынын жүрүшүндө Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн жаңы имаратынын курулушу менен таанышты. Бул айыл аймагынын курамына Ак-Булак, Көсө-Терек, Катар-Жаңгак, Жазы-Кечүү айылдары кирет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 

Депутаттын айтымында,  Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн мурдагы имараты 1969-жылы курулуп, жедеп эскилиги жеткендиктен, ураганы араң турган. Ошондон улам, эл өкүлүнүн көмөгү менен жаңы имарат курууга республикалык бюджеттен 5 млн сом каражат бөлүнгөн. «Суук түшкөнгө чейин эки кабаттуу имараттын чатыры жабылып, келерки жылдын жазында жасалгалоо жумуштары толугу менен аяктайт», - деди Мирлан Бакиров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости