www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад ОИИБде жаңы кызматтык унаалар 3 бөлүмгө тапшырылды

Бүгүн, 8-майда Жалал-Абад ОИИБде жаңы унаалар тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалым болгондой, демөөчүлөр тарабынан ИИМге берилген автоунаалардын ичинен 2023-жылы өндүрүштөн чыгарылган «Лада Гранта» үлгүсүндөгү кызматтык унааларды Жалал-Абад ОИИБге тапшырды. Бүгүн, 8-майда Жалал-Абад ОИИБдин имаратында жаӊы кызматтык унаалар Жалал-Абад, Майлуу-Суу жана Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмдөрүнө берилди.

Жаӊы унаалардын ачкычтарын Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеңишбек Абитовмилиция бөлүмдөрүнүн жетекчилерине берип, унаалар кызматтын кызыкчылыгы үчүн туура пайдаланылышы керектигин белгиледи. Белгилей кетсек буга чейин дагы Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков тарабынан 2023-жылы өндүрүштөн чыгарылган «Шевроле Кобальт» үлгүсүндөгү 3 даана кызматтык автоунааларды берилип, алар Сузак, Базар-Коргон, Ноокен РИИБдин нөөмөт бөлүмдөрүнө тапшырылган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости