www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарында 4 жашар кызды зордуктоого шектелип 35 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдиришти.

Белгилүү болгондой, 24-июнда саат 18:30дар чамасында милицияга шаардагы көп кабат үйлөрдүн биринин алдында бейтааныш адам 4 жашар кызды зордуктаганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине ыкчам-тергөө тобу барып, далил буюмдар алынган.

Бул факты боюнча «зордуктоо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертизалар дайындалган.

Шектүү катары 35 жаштагы Б.Х. аттуу жаран кармалган. Соттун чечими менен ал тергөө аяктаганча 2 айга камакка алынган.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Милициянын басма сөз кызматы шектүүнүн сүрөтүн берүүдөн баш тартып, анын сүрөтү аларда да жана тергөөдө да жок экенин жүйөө келтирди.

Последние новости