www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абадда «Бирдиктүү алдын алуу» учурунда 42 лөлү тектүү жарандар жашаган аймактарына жеткирилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн 16-августта Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында Жалал-Абад ОИИБдин, Жалал-Абад ШИИБдин, Кыргыз Республикасынын ИИМдин АБПнын Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте, Жалал-Абад облусунун аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында «Бирдиктүү алдын алуу» күнү өткөрүлүүдө. Анын алкагында шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрү тарабынан курал-жарак сактоо эрежелери, чет элдик номердеги автоунаалар, жашоочулардын даректери боюнча тактоо иштерин жүргүзүлүүдө.
Мал жана мүлк уурулуктарынын, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын, балдар арасында топтошуп мушташуулардын алдын алуу максатында калк арасында профилактикалык жумуштары алып барышууда. Ошондой эле Жалал-Абад шаарынын аймагындагы ар бир үйдүн жашоочуларынын өздүктөрү такталып милициянын ыйгарымдуу өкүлдөрү жана кондоминиумдары менен биргеликте каттоого алынууда.
Милициянын көчмө кабылдамасы жарандарды жеринде кабыл алып, жергиликтүү тургундарга юридикалык кеңештер берилди. Мындан сырткары Жалал-Абад шаарынын ичинде дайынсыз жүргөн 42 лөлү тектүү жарандар өздөрүнүн жашап жаткан дарегине жеткирилди.
Булак: NazarNews.kg