www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад милициясы уурулук, тоноо, алдамчылык менен алектенген кылмыштуу топту кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 

Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө батир уурулук ары, тоноо, алдамчылыкка байланыштуу 15 арыз келип түшкөн.

Бул фактылар Жалал-Абад ШИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-берене (Уурдоо), 206-берене, (Тоноо), 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

Жабырлануучулар жалпысынан 2 млн сомго жакын материалдык чыгымга учурашкан.

Жалал-Абад ОИИБдин жана Жалал-Абад ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмыш иштерине шектүү катары Жалал-Абад шаарынын 5 тургуну 1984-ж.т. Н.И., 1987-ж.т. Х.Х., 1993-ж.т. Ж.А., 1999-ж.т. Ш.Н. жана 2001-ж.т. К.Н.  кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алар 8 алдамчылык, 4 уурулук, 3 тоноо кылмыштарын жасашкан. Жарандардын телефондорун сүйлөшүп алуу үчүн сурап, кайра кайтарып бербей качып кетишкен. Ошондой эле батир уурулуктарын жана жаш балдарды коркутуп тоноо менен алектенишкен. 

Учурда башка бети ачылбай турган кылмыштар боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости