www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда дагы тез татымдан 14 адам ууланды

Жалал-Абад шаарында кайрадан уулануу фактысы катталып, 14 адам ооруканага түштү. Маалыматты Жалал-Абад райондор аралык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Рома Ураимов тастыктады.

Анын айтымында, калаадагы Тадж-Махал тез татым даярдоочу жайынан тамактанган 14 адам ууланып ооруканага кайрылган. Алардын бири Өзгөн районунун жашоочусу жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Эске салсак, 27-июнь күнү дагы "Ага-ини" тез татым даярдоочу жайынан тамак жеген 40 адам ууланган. Учурда алардын 28и ооруканада болсо, 12си үй шартында дарыланып жатышат. Тез татым жайы жабылып, ээсине 7,5 миң сом айып салынган.

Булак: NazaNews.kg

Последние новости