www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда дайынсыз болуп жаткан 3 бала табылды. Маалыматты ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, балдардын дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат 5-июнь күнү саат 20:10до Базар-Коргон райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө келип түшкөн. Анда Колот айылында 3 бала дайынсыз болуп жатканы, алар сууга агып кетиши мүмкүн деп күмөндөлүп жаткандыгы айтылган.

"Билдирүүдөн кийин саат 20:50дө издөө иштери башталып, райондун Акман айыл аймагынын Кайырма көлүнүн айланасы, Акман айылындагы каналдарын бойлой издөө иштери жүргүзүлдү. Натыйжада дайынсыз болгон 3 бала Жаӊы-Акман айылында адашып калган жеринен табылып, ата-энелерине тапшырылды.

Балдарды издөө иштерине 23 куткаруучу, мындан тышкары ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, жергиликтүү бийликтен 5 адам, туугандарынан 10 адам катышты", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости