www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун эки тургуну “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун экстремисттик идеологиясынан баш тартышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, УКМК Кыргыз Республикасындагы диний-экстремисттик уюмдарга каршы күрөшүү боюнча профилактикалык иш-чаралардын алкагында «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун мүчөлүгүнөн чыгуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында, Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Аксы райондорунун тургундары Кыргыз Республикасынын жарандары 1972-жылы туулган С.А.К. жана 1978-жылы туулган Ж.Ы.Ш. экстремисттик идеологиядан эл алдында баш тартышты. Бул адамдар мурда “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун экстремисттик ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик идеологияны карманып келишкен.

Жогорудагы жарандар өздөрү тандап алган диний багыттын туура эместигин моюнга алып, жарандарды бул уюмдун Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө жол берилбестиги тууралуу билдирүү менен “Хизбут-Тахрир” ДЭНнун мүчөлөрүнүн кайрылууларына алданбоого чакырышты.

Учурда КР УКМК «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун кылмыштуу аракеттерин аныктоо, бөгөт коюу боюнча жана ошондой эле тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдун катарына жаңы жактоочуларды тартуунун алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости