www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы убакыттарда Жалал-Абад шаарынын аймагында коменданттык саат киргизилип, жарандар жана автоунаалар текшерүүгө алынаары боюнча жалган маалыматтар социалдык тармактарга тарап жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Урматтуу жарандар Жалал-Абадда «Коопсуздук-2023» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу өтүүдө. Машыгуунун алкагында Жалал-Абад шаарынын жана Базар-Коргон районунун аймагына блокпосттор орнотулуп, милиция кызматкерлери кызмат өтөшүүдө.
Бардык иш-чаралар машыгуунун алкагында гана уюштурулуп, жарандарга эч кандай чектөөлөр коюлган жок.
Жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартылаарын эскертебиз. Мыйзамдарды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт",- деп айтылат билдирүүдө.
Милиция жарандардан такталбаган маалыматтарды социалдык тармактарда таратуудан жана бөлүшүүдөн этият болууга чакырат.
Булак: NazarNews.kg