www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда УКТнын мүчөсү кармалды

Жалал-Абад облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Шектүүгө опузалап талап кылуу беренеси боюнча айып тагылган.

Тактап айтканда, 14-январда УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) 1-бөлүгүндө каралган кылмыш боюнча уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү — Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл өкмөтүнүн Кызыл-Ай айылынын 1998- жылы туулган тургуну Ж.у.А.ны кармаган. Ж.у.А. күч колдонуп, коркутуу жолу менен жергиликтүү ишкерлерден жалпы суммасы 1 миллион сомдон ашкан акча жана башка материалдык каражаттарды талап кылып, алып жүргөн. Ошондой эле, Ж.у.А. Сейдикум айыл өкмөтүнүн Сай айылында жер басып алып, 20 сотых жерге мал сарай жана турак жай куруп алган.

Шектүү УКМКнын абагына киргизилип, тергөө иш-чаралары уланууда.

УКМКнын Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү акча опузаласа жана башка мыйзам бузуулар боюнча маалымат болсо, (03722) 5-60-49, (03722) 5-49-61 телефон номурлары аркылуу байланышууну өтүнөт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости