www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шойгу менен Суровикин баштаган кышкы операция жаңы мобилизациялангандар менен башталды. Теңдеши жок урушта орустар алга жулунуп баратат. Теңдеши жок дегенибиз бүт НАТО жабалактап Украинага жардам берип жатат. Орусия Беларусту кошпогондо жапжалгыз. Бирок эсебин таап украиндерди сүрүп чыгып баратат. Украинанын Улуу Британиядагы элчиси «бизге миң танк керек, орустарды эки фронтто сүрүп салабыз. Экинчи фронтту түндүктө Беларуста ачабыз» деп демитип турат. Немецтер АКШнын тукуруусу боюнча фашисттердин эмблемасы түшкөн  «Леопард 2» деген танктарды берүүгө даяр болуп калды. Согуш узара турган болду.

1952-жылы октябрда Стакең өмүрүндөгү акыркы компартиянын съездин өткөзүп жаткан. Ошол мезгилде жарык дүйнөгө Володя Путин көз жарган. Володя көз жарган күнү Сталиндин ичинен кан өтүп, акыры үч-төрт айга жетпей набыт болду. Путин болсо Бериянын жолуна түшүп чекист болгон. СССР ураганда КГБнын подполковниги жумушсуз калып, «кул базарга» барып күн өткөрүп жүргөндө Ленинград университетинин ректору өзүнө «помощник» кылып алат. Путиндин ташы ошондон баштап өйдө кулай баштаган. Аны Санкт-Петербургдун айтылуу мэри Анатолий Собчак «помощник» кылып алат. «Помощник» Путин 1996-жылы Маскөөгө оойт.

Эми ал президенттин «управделинин» бизче айтканда Каныбек Туманбаевдин «замы», 1997-жылы президенттин аппарат жетекчисинин «замы», 1998-жылы ФСБнын, 1999-жылы мартта «Совбездин» башына келет, ошондо Борис Ельцин кызып алганда Путинди чакырып алып: «Акаевге окшоп, кашка башыңды кашыкка тос!»-дегенде, «Генералдык «честим» жол бербейт» - деп тоспой коёт. Президент Ельциндин жини келип каматып салып, «запойдо» жүрүп унутуп калат. Ельциндин мартта башталган «запойу» июлда аяктайт.

Ельцин эсине келсе Степашин өкмөттү бардак кылып жибериптир, ошондо эсине камалып жаткан Путин келип, аны өкмөткө коюп, кайра «запойго» кирип, декабрдын аягында бийликти биротоло өткөзүп берди эле, ошондон бери Путин бийликти бере элек. 2008-2012 жылы төрт жыл өзүнүн роботун коюп койгону менен, мына эми дагы он эки жылга «эки тизгин, бир чылбырды» колго алды. Бирок орустар да кыргыздардан кембизби деп, көчөгө чыкканы көбөйүп бараткан. Орус толкуса ойрондоп кетчү калк. Бирок алардын көңүлүн орус бийлиги таап, 2022-жылдын февралынан баштап Украина менен жакалаштырып койду, бир кездеги орустардын кол алдында келген "хохолдор" Американын жетегинде орустарга айбат кылып жатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости