www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги Орто-Сай базарынан өрт чыкты

 Бишкектеги Орто-Сай базарынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 15-январда саат 02:38 чамасында Сүйөркулов көчөсүндө жайгашкан Орто-Сай базарынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине өрт өчүрүүчүлөр тартылып, саат 03:37де өрт чектөөгө алынып, саат 05:10до толук өчүрүлдү.

Өрттүн кесепетинен жалпы аянты 180 чарчы метрди түзгөн жашылча-жемиш сатуучу жай жана эт сатуучу 6 даана желим материалдан курулган павильон муздаткыч, отургучтар күйгөн.

"Эт сатуучу павильондун ички түштүк – чыгыш тарабы, сырткы түндүк – түштүк жана чыгыш тарабында жайгашкан соода оорундар, павильондор өрттөн сакталган", - деп белгилешти ӨКМден.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости