www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Декабрда КР Улуттук банк 147 миллион доллар сатты

2022-жылдын декабрь айында Кыргызстандын Улуттук банкынын эл аралык валюталык (алтын) резервдери 18 миллион 540 миң долларга көбөйгөн.

Башкы банктын резервдер тууралуу маалыматы:

ноябрдын аягында — 2 миллиард 779 миллион 550 миң доллар;

декабрдын аягында — 2 миллиард 798,1 миллион доллар.

Ачык маалыматтар боюнча, өткөн айда Улуттук банк өлкөнүн валюта рыногуна 147 миллион доллар сатып, чет элдик валюта сатып алган эмес.

Резервдердин көбөйүшүнүн себеби айтыла элек, бирок башкы банктын маалыматына караганда, алтын корунун наркы соңку убакта өсүп, декабрь айынын башына карата 78 миллиард сомго жеткен.

Эске салсак, Улуттук банк интервенцияларды валютанын өзгөрүүсүн текшилөө жана сомдун курсун колдоо үчүн жүргүзөт. Бул үчүн алтын-валюта резерви колдонулат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости