www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мухаммед дүйнөдөн өткөндөн кийин анын анын кол алдындагылар болуп көрбөгөн жортуулдарды башташат. Батышы Испания, Италия, Франция, чыгышы Ооганстан, Пакистан, Индустан, Кытай, Филиппинге чейин жетип жеңиштерге  ээ болушат. Арабдарды деңиздер менен океандар курчагандыктан,машыккан суучулдар, кайыкчылар, балыкчылар, кеме куруучулар болгон. Өздөрү курган кемелерге түшүп Кызыл деңизде, Кара деңизде, Перс булуңунда, Африка жээктерине чейин жетишкен. Алар Кантон, Тайвань, Суматра, Шриланка, Индонезия, Малайзия аралдарына жетип, ислам динин таратышкан.

Орто кылымдарда ички жана тышкы абалды бекемдеш үчүн- араб халифаты түзүлөт. Мамлекет башында Мухаммеддин жолун улантуучулар халифтер турган. Төрт халиф: Абу Бекр (632-634), Омар (634-644), Осман (644-656), Али (656-661) белгилүү болот. Ушулардын башкаруусу менен исламдын таасири бир кылымда эле Атлантика океанынан Тынч океанга жеткен.

Ага удаа эле түрктөр Балкан жарым аралын,Кипр, Босния, Сербия, Хорватия,Македония, Герцеговина, Болгария, Венгрия, Албанияны каратып Италияга жеткен. Католик динин кармап турган Рим папасына мусулмандашуу коркунучу туулган. Түрк султанатынын согуш флоту Отранто булуңунда жашагандарды кылычтын мизине алган. Отрантодогу 22 миң кишинин 12 миңин же эркектерин бүт кырган, өңдүү -түстүү ургаачыларын аялдыкка алып, калганын күңдүккө айдап кеткен. Түрк султаны Мехмет экинчи Париж менен Римге бет аларда папа Эпистол Пий баласы Баязетти алтынга сатып алып, анын буйругу менен дарыгер аркылуу атасына уу бердирип өлтүрөт. Муну уккан католиктер тагдырын алкап, Баязетке чокунуп, сыйынып, курман чалып куттукташат.

Кызык факт келтирели 1853-жылы 26-майда  барыбыз учурунда кастарлап азыр унутуп бараткан Энгельс Маркска минтип жазыптыр: «Көчмөн коңшуларынан эрте бөлүнгөн еврейлер өздөрүнүн дин китептерин байыркы арабдардын салттарынан өзгөртүп алган»- деп. Демек Куранды Инжил менен Тоораттан көчүрбөй, алар өзгөртүп алышыптыр. Мурдагы ыйык китептерде , улуу жазмаларда кезикпеген жаңы адабий текстти жаратуу эбегейсиз эрдикти, акыл-эсти, шык-жөндөмдү талап кылган жана да көп кыйынчылыктарга, түйшүктөргө, жан -алекеттерге, көңүл ооруга, жан илдетке дуушар кылган. Бүт дитинен толкуп, көлкүп, балкып чыгарган жорго сөз жана ыр түрүндөгү Куран -Мухаммеддин ар кандай психикалык абалында жаралган. Дүйнөнүн көр түйшүгүнөн кечип, сүйүп, кеңип, кубанып, ыйлап, буулугуп, өкүнүп, өксүп чыгарган. Кээде эси оогон, өлүп-тирилген. Ага шек санап, ишенбеген арабдар кылычын кындан чыгарып аңдып турушкан. Кокус кичине эле жаңылса жаздым болмок. Ошондуктан ар бир сүрө, ар бир аят-жан сырынын, жансезиминин, жандүйнөсүнүн ыйманы, ылхамы, перзенти, актыгы. Куран ар бир мусулманга жетимдүү, жеңил, элпек ыкмада жаралган.

Курандын баш сүрөөсү: «суурат фаатиха аль-китаб аль-карим» кыргызча которгондо  «ыйык китепти ачкан сүрө», жаммы мусулмандар Куран бетин ачканда окула турган бет ачар. Куран чирибес барикте түрмөктөлүп жети кабат асмандын жетинчисинде. Курандагы жазуу-буйруктарды аллах каалаган убакта жөнөтүп турат. Куран, арабча «аль-Куран» кыргызча «кыраат» дегенди туюндурат. Кайсы тилге которулбасын мааниси, мазмуну, көркөмү гана берилет да кырааты арабча окулат, кыраат башка тилге келбейт. Куранда жалындуу, айкын, ачык саптар, алоолонгон образдуу сүйлөмдөр, ийкемдүү, илбериңки кайрыктар, так, элпек ыргактар, лаззаттуу аллегориялар арбын. Байыркы араб урууларын адабий мурастарын эске салган эң кызык икая, баян, казалдар, араб поэзиясы менен үн алышып турган баптар, кооз саптар көп кездешет.

Куран араб жазмасынын тарыхий эстелик мурасы гана болбостон ислам өлкөлөрүндө мыйзам катары колдонулат, анткени укуктук нормалар, мыйзам кодекстери анын сүрөлөрүнөн алынган. Куранды үйрөнүү, андан сабак алуу, сабак берүү көпчүлүк ислам өлкөлөрүндө жолго коюлуп, медреселерде, жогорку окуу жайларда окутулат. Пайгамбардын сөзү бар: «Арабдарды үч себептен сүйүү керек: «Мен араб болгондуктан, Куран араб тилинде окулгандыктан жана бейиштегилер араб тилинде сүйлөгөндүктөн» деген.

Азыр дүйнө жүзүндө 1 жарым миллиардка жакын мусулман бар. Куран мусулмандарды бир жарым миң жылдан бери бир ишенимде кармап келатат. Тиги дүйнөдөгү «тирүүлүк» -мусулман үчүн бекем ишеним, ал ишенимди насыяттаган Куран, ыйык китеп катары колдонулат. Курандын күчү, мына ушунда. Кечээ эле чирибес териге капталып, алтын менен  тышталып, кеминде миң жыл турат деген «Майн камф» он жыл өмүр сүрбөдү.

Пайгамбарлар: Ибрайым, Нух, Лут, Кут, Исхак, Исрайыл, Исмайыл, Жакып, Жусуп, Муса, Аруун, Аюб, Дөөтү, Сулайман, Илияс, Иса, Ыдырыс, Зулпуй, Саалы, Шуайб, Закир, Кусейин жана башкалар. Ар бир адамдын туулушун, өмүрүн, өлүмүн менен аллах соңку сааттын качан келээрин, ким жазаланып тозокко түшөөрүн, ким сыйланып бейишке чыгаарын так айтат. Адамдын түйүлдүк байлап жатында жаткан абалынан, жан таслим кылып табытта абалына чейин билет. Аллах бардыгын көрүп турган сырдуу күч.

Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости