www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы жылдын алдында президент баш болгон беш бийлик эгеси элден өзгөчөлөнүп «Чыңгызхандын сөөрүсүндө» турушту. Туманбаевдин оң тарабында ак калпак кийген Жапаров, Адыл Касымалиев, сол тарабында ак калпак кийишпеген Жапаров, Эдил Байсалов, так ортосунда «жарым калпак» кийген өзү. «Жарым калпак» демекчи, Жээнбеков ак калпакты башынан түшүрчү эмес, Атамбаев ак калпакты «жарты чеке калак баш»-дегендей чанда эле кийчү. Ак калпакты көп кийбеген Туманбаевге ак калпак шөлбүрөп анча деле жарашкан жок. Анын үстүнө бешөө тең ак калпак кийишсе болмок. Эдил Байсаловду жаман көзү менен карап койсо эртең эле көшөкөрлөнүп бир башына эки калпак кийип келмек. Ал эми Адыл Касымалиев Жапаровго кежирленип жүрүп көнүп калган, аны «ак калпак кийбе» десе ак калпак кийип келет. Туманбаевдин артында ырдаганды сагынып калса керек, ырчылар сүйүү ырларын ырдаса жарыша ырдап Ибрагим Жунусов, Атамбаев менен кошо кымпылдама бийлеп көнүп алган туйлап отурган Туйгуналы Абдраимов качан Туманбаев чыга калып ламбада бийлеп ийет деп күтүп отурду. Түнү боюу конокто болсо керек Турсунбек Акундун коңурук тартканы телевизордон угулуп турду. Туманбаевди ырайына карап туруп сулуучумак эле жигит экен, бирок эмнегедир эл шайлаган он жылдын аягына чыкпай бийликтен кетээрине таң калам. Ылайым элди ызы-чуу кылган төңкөрүш болбосун, ылайым Туманбаевдин өмүрү узун болсун, анда эмне үчүн мөөнөтүнүн аягына чыкпайт болду экен? Табышмак!

 «Бир карын майды бир кумалак чиритет»-дегендей Адыл Касымалиев, Эдил Байсалов сыяктуу Жапаровго чөгөлөп жүрүшкөн арзыматтар бийликтегилердин барын чиритип бүттү. Анын убагында Туманбаев бийликте экинин бири болуп президентти көзү жокто сындап сүйлөп турган. Жээнбековдун убагында анын колуна суу куйгучу болуп жүрүп мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеди. Атамбаевден калган  «тюльпандар» менен «миллион розаны» өстүрүп, анын шопуру Илмияновду эмес, өз алкымын өстүрдү. Эми арзыматчылыкты Адыл Касымалиев, Эдил Байсалов кенен үйрөткөн окшойт жаңы жыл алдында эл алдына чыгып алып үнү жаңырып турду. Бир гана Жапаровчо «Ваше высокого превосходительство» дегенди кошпой коошпой турду. Эми аны деле үйрөнүп алары бышык, Каныбек Туманбаев кошоматчылыктын сөөрүсүндө түбөлүккө калат.

Каныбек Туманбаев «Чыңгызхандын сөөрүсүнө» отурар алдында Адыл Касымалиев менен Эдил Байсаловду карап «замри» деп койду. Ошол бойдон экөө каккан казыктай катты. Денесинин бир мускулу да кыймылдабай, кыймылсыз мүлккө айланды. Дем алганга уруксат берип койгону ырас болуптур, болбосо дем алалбай ошол жерден «нокаут» кетишмек экен. Акыры биротоло эстеликке айланып баратканда көп сүйүү ырларынын  арасынан «Кыргызстанды коргойбуз» деген патриоттук ыр ырдалып, Жапаров, тоюз Каныбек Туманбаев кол чаап, ордунан тура калып атпайбы, Эдил Байсаловго каяктан пайда болгонун билбейм төрт кол менен кол чаап атыптыр. Ордунан атып турам деп абада калкып калды. Көрсө төрт колу эмес, эки кол, эки буту менен кол чаап жатыптыр. Кошоматчылыктын да чеги болот эмеспи.

Жакында эле өздүк мүлкүн декларация аркылуу  жарыя кылган Эдил Байсаловдун 4 миллион сом таап, бийликтегилердин арасында биринчи болуп келгени, базар кымбаттап, элдин жашоосу оорлоп, баратканын  тоготпогону белгилүү болду. Себеби анын чоң атасынан калган казнасы акалары менен бирдей эле ага да калып хансарай, кымбат баалуу машине минип, миллиондорду сапырганга мүмкүнчүлүгү жетет экен. Ошол үчүн ал элдин жашоосу күн санап оордоп баратканын сезбей үкасы Каныбек Туманбаевге бардык бийликти, анын ичинен тышкы саясатты бериш керек деп жулунуп турат. Берсе берсин үкасы Ак үйдү таштай качса Адыл Касымалиев, Эдил Байсалов сыяктуу кийинки президенттин колтугуна кире качпай, саясий аренадан дайын оту менен жоголот эмеспи. Мүмкүн аны Каныбек Туманбаев турганда кайра мурдунан  сүйрөп келер.

Каныбек Туманбаевди  Жапаров неге күчүктөй кылып ээрчитип алганын билбейм. Анын үстүнө алып келип туруп  эстеликтей катырып койгону менен жаш Каныбек Туманбаевдин жүрөгүнө «весна действует» этип атса керек. Жаңы жыл деп ырдаса томсоруп, махабат жөнүндө ырдаса мылжыйып отурду. Кызыгы «Койчунун таягынан»-дейт, Атамбаев менен Жээнбеков эки кыйышпас дос махабат ырларын жакшы көрүшкөнү менен президент болгон соң айласыздан патриоттук ырларды майрамдарда элге тартуу кылышчу. Ал эми жаңы жылда жалаң эле жалжактаган сүйүү ырлары ырдалып Каныбек Туманбаев менен шефи экөө жактырып турушту. Эмнеси болсо да кошоматчылардын ана башы, келечек президент Каныбек Туманбаевдин салтанаттуу триумфу башталды. Ал Атамбаевдин убагында мамлекетти жетектеген Икрам Илмияновдун көзгө басаар шопуру, Жээнбековдун учурунда мамлекеттик көзгө басаар атка минер, Жапаровдун убагында президенттин Иш башкармасынын жетекчиси болгон.  Эми анын Жапаровдон кийин президент болоруна шек жок.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости