www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадга Кытайдан делегация келди

Бүгүн Жалал-Абад шаарына Кытайдын Анканг шаардык парткомунун секретары Ву Вэнган баштаган делегация келди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, аларды президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов жана жергиликтүү бийлик жетекчилери тосуп алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап аймактардын артыкчылыктуу потенциалына токтолуп, кызматташуу мамилелерин тереңдетүү, соода-экономикалык, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жыйындын соңунда Жалал-Абад шаары менен Кытайдын Анканг шаарынын ортосунда өз ара кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду. Делегация курамына бүгүн Жалал-Абад шаарында жайгашкан бир катар өндүрүштүк мекемелердин ишмердүүлүгү тааныштырылат.

Эскерте кетсек, ушул жылдын февраль айында облус башчысы Абсаттар Сыргабаев баштаган Кыргызстандын делегациясы Кытайдын Анканг шаарында барып келишкен. Аталган шаарында 3 млн калк жашап, калаада завод-фабрикаларды иштетүү, нанотехнология тармагы, чай өстүрүү жана экскпортко чыгаруу багыты өнүккөн.

Последние новости