www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Олимпиада: Кыргызстандык балбандар кайсы күндөрү күрөшөт?

Париждеги Олимпиада оюндары күн санап жакындап келе жатат. Ал 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. Учурда Кыргызстандын куржунунда 16 жолдомо бар болсо, анын ичинен 10 лицензияны спортчулар күрөштөн алды. Балбандардын бүйүр кызыткан мелдеши 5-11-августта өтөт.

Сиздерге кыргызстандык балбандар Олимпиадада күрөшө турган күндөрдүн жадыбалын сунуштайбыз.

Спортчулар таймашка чыккан күнү жарым финалга чейин беттеш өткөрөт, финалдар эртеси болот.

5-август

Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим спортчусу Жоламан Шаршенбеков (60 кг) жана балбан кыз Мээрим Жуманазарова (68 кг) килем үстүнө чыгат.

Саат 19:00 – квалификациялык беттештер (60 кг, 68 кг)

6-август

Грек-рим балбандары Акжол Махмудов (77 кг) жана Үзүр Жусупбеков (97 кг) таймашка чыгат.

Саат 15:30 – квалификациялык беттештер (77 кг, 97 кг)

Саат 23:30 – финалдык кармаштар: 60 кг (грек-рим күрөшү) жана 68 кг (кыз-келиндер күрөшү)

7-август

Грек-рим балбаны Амантур Исмаилов (67 кг) күрөшөт.

Саат 15:30 – квалификациялык беттештер (67 кг)

Саат 23:30 – финалдык кармаштар: 77 кг жана 97 кг (грек-рим күрөшү)

8-август

Эркин күрөш боюнча балбан Бекзат Алмаз уулу (57 кг) килемге чыгат.

Саат 15:30 – квалификациялык беттештер (57 кг)

Саат 23:30 – финалдык кармаштар: 67 кг (грек-рим күрөшү)

9-август

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) жана эркин күрөштөн Айаал Лазарев (125 кг) таймашка чыгат.

Саат 15:30 – квалификациялык беттештер (62 кг, 125 кг)

Саат 23:30 – финалдык кармаштар: 57 кг (эркин күрөш)

10-август

Эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев (65 кг) жана балбан кыз Айпери Медет кызы (76 кг) килемге чыгат.

Саат 15:30 – квалификациялык беттештер (65 кг, 76 кг)

Саат 23:30 – финалдык беттештер: 62 кг (кыз-келиндер күрөшү) жана 125 кг (эркин күрөш)

11-август

Саат 16:00 – финалдык кармаштар: 65 кг (эркин күрөш), 76 кг (кыз-келиндер күрөшү)

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости