www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 5-7-июлда туруксуз аба ырайы күтүлүүдө. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, ӨКМдин Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин маалыматына ылайык, алдыдагы күндөрү боло турган нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
“Айрыкча Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда, Ош облусунун Ноокат, Алай, Чоң-Алай райондорунда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Түп, Тоң, Ысык-Көл райондорунда, Чүй облусунун Панфилов, Кемин, Жайыл райондорунда, Нарын облусунун Жумгал, Кочкор райондорунда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Республиканын Боом капчыгайында, Балыкчы-Бөкөнбаев, Талды-Суу-Арал, Ош-Раззаков, Бишкек-Ош, Ош-Сарыташ-Эркечтам унаа жолунун бир катар жерлеринде унаа жолдорунда сел сууларынын келиши жана таш кулоо процессинин активдешүүсү ыктымал. Буга байланыштуу жарандар айтылган шашылыш эскертүүлөрдү көңүл бурууга, алдын ала кооптуу деп аталып жаткан тилкелерде сак болууга чакырабыз”, - деди министрдин орун басары.
Ошондой эле ал эгерде кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдар жаралган болсо, 112 кызматына байланышууну сунуштады.