www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Дордой» базары тараптагы жаңы конушта жаңы бүткөн жол ыңгайсыз жана сапатсыз курулган. Анын видеосу социалдык тармакта жарыяланды.

Анда тротуар болгону менен анын ортосунда электр сым карагай туруп калган. Андан ары жол үйдүн дубалына такалып бүтөт.

«Бул жерден окуучулар өтөт, аялдар коляска менен жүрүшөт. Тротуар бүткөн жерден унаа жүргөн жолго чыгып, басууга туура келет. Ушу үйдүн ээсине күчүңөр жетпей калдыбы? Жээкташтар дагы сапатсыз болгондуктан сынып жатат», — дейт.

Жарандар мындай тротуарлар шаарда көп кездешерин, айрыкча жаңы конуштарта жөө жүргүнчүлөргө жүрүү өтө кооптуу болуп жатканын белгилешти.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости