www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акылбек Жапаровдун журналисттердин чөнтөгүн текшериш керек дегени бери эле болгондо мыйзамдуу "чёрныйлык". Журналисттер же массалык маалымат таркатуу каражаттары ээлик кылгандарга, эгер кайсы бир долбоор алкагында иштеп атса, анда ошол долбоордун жетекчилерине гана отчёт беришет. Анан ким бирөөгө таарынып калса эле аны мыйзам аркылуу колун кайрыганга аракет кылганы туура эмес. Чыдасаң бай бол! Чыдасаң депутат бол! Анан, ырас, журналисттер арасында да баары текши периште болуп кеткен жери жок.
Карасанатайлары, желмогуздары, куйтулары менен ачкүсөндөрү да бар. Эгер андайлар жолукса, ошондо азыркы аракеттеги мыйзамдар аркылуу эле алар менен сүйлөшүп алууга болот. Тийиштүү органдар деле жоюлуп кетишкен жок, иштеп атышат. Анан бирөөгө болгон заарды баарынан чыгарып, жалпы Самаркандды өрттөп салган жарабайт. Кыскасы, бул идея таптакыр туура эмес нерсе.
Булак: "Жаңы Ордо"