www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев "Менин вице-мэр болушума жубайым себеп болгон" дейт. Бул тууралуу ал айрым маалымат каражаттарына маек куруп жатып билдирген. 

Анын айтымында, вице-мэр болушуна, китеп жазып чыгаруусуна дагы жубайы себеп болгон.

"1998-жылы тоодо мал чарбачылыгы менен алектенчүмүн, ошол учурда жубайым катуу ооруп калды. Ошол себептен биз Бишкекке келип калдык. Аялым ооруканада жатып калганда мен ар кандай жумуштарда иштегенге туура келди. Базарга чыктым, гезит саттым. Аны сатып жүрүп жакшы адамдар менен таанышып калдым, бизнеске өтүп кеттим. Мен убагында базарда гезит сатып жүргөнүмдү досторум билет.

Келинчегим Улуттук онкология борборунда жатып, бир жылдан кийин каза болуп калды. Ошондо ооруканадагы керебеттин башында жалгыз эле сүрөтүм калыптыр. Ошол келинчегиме арнап, "Жалгыз сүрөт" деген аталыштагы китеп жазгам. Келинчегим ооруканада жатканда ар дайым "мен көрбөгөн жакшылыкты Жамал көрсүн" деп дуба кылчу, келинчегимдин ошол дубасы ушул күнгө жеткирди", - дейт Ырсалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости