www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алдын ала маалыматка караганда, Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун токсикология бөлүмүндө көз жумган Назгүл Исакова коронавирус менен ооруп жаткан. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
«Ал коронавирус менен ооруп жүргөн экен, ошого байланыштуу абалы оорлошуп кеткен болушу мүмкүн. Соттук-медициналык экспертиза дагы жүргүзүлүп жатат. Азырынча өлүмүнүн себебин так айтуу эрте», - деди ал.
Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун токсикология бөлүмүндө 46 жаштагы Назгүл Исакова каза болгон. Ал ооруканага аллергиялык реакция менен түшкөн.
Туугандары Исакова коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасынын айынан көз жумганын айтып жаташат.
Ал эми Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги комиссия итүзүп, окуяны иликтеп жатканын билдирген.
Булак: NazarNews.kg