www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда акыркы жылдары коом дагы тартиптен чыгып, борбор шаары айылга айланып, өнүгүү жолунан артка кайтып бара жаткандайбыз. Дүйнө жүзүндө жок эрежеге өтүп, люктарды  сваркалай баштаганын Жамалбек Ырсалиев билдирди.

--Айласы кеткен акыретчил...Уурулар тажатты. Люктар менен арыктардын үстүндөгү жабылган капкактарды тынбай уурдап жатышат. Айлабыз кеткенде ширетип (сваркалап) отурабыз. Жамгыр жаап арыктын ичине таштаган таштандылар толуп, суу жолго атырылып агат. Анан шашылышта сварканы сүйрөп чуркамай. Сварканын аппараты чөнтөккө батпайт же колго көтөрүп алганга жеңил эмес.

Нет описания фото.

Айланайын уурулар! Кудай силерге ыйман берсин. Ушул люктар менен тор темирди уурдап торго түшүп элдин каргышына жана үй-бүлөңөрдүн убалына да калбагылачы. Силер уурдап кеткенден кийин люктарга кишилер түшүп кетип, жолдогу арыка машиналар түшүп жабыркап жатат. Жалпак тил менен айтканда акмак болуп элдин да убалына калбагылачы.

Ал эми темир алгандарга кайрылаарым ушундай капкак өткөргөндөргө, жардамчы болуп, сатып алып аткан силер да Кудай ыйман берип беш алты ууруну кармап берсеңиздер жаза тартса анан уурдабай калат эле.

Нет описания фото.

Шаардын милиция башчысы Канат Жумагазиев капкак саткан акмактар менен катуу күрөш жүргүзүп райондун начальниктерине жыйын өткөрөм деди эле. Буюрса,жакшы жыйынтык күтүп отурам. Баарылап капкак уурдаган акмактар менен күрөшөлү достор. Ким көрсө ачылып калган аңды эле эмес, уурдап бараткан адамды же сатып алып жаткан кызыл кулакты да социалдык тармактарга чыгаралы, - дейт Жамалбек Ырсалиев.

Нет описания фото.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости