www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыр топтошуп алып ар бир дарбазанын эшигин кагып, динге үгүттөгөн динчилдер бир эле Кыргызстанда калды. Башка бир өлкөдө жок. Баары тыюу салышкан. Бизде эле ээн эркин республиканы түрө кыдырып жүрүшөт. Кимисинин ниети ак, кимисинин ниети бузук ажыратып болбойт.
Негизи ислам агымдарынын ичинде бир гана дааватка Таблиги жамаат чакырат экен. Түпкү максаты, мусулмандардын санын көбөйтүү. Натыйжада, сабатсыз чала молдо дин бузат болгондор Кудайга эмес, динге сыйынып жатышат...
Өздөрүн шейх, аалым аташкандар байларды Меккеге үндөгөндөн, жакыр-жардыларды дааватка айдагандан башка, кол жоорутуп, бел оорутуп иш кылганы жок. Кээси "Куранда бир туугандар куда болуп, балдарын үйлөнтүшсө болот, уруксаат берилген" деп акылга сыйбаган жорукка үндөп жатса, айрымдары эри өлгөндө жамынчу каралыкты жаш кыздарга чүмкөгөн бузукулукту парз дешип таңуулашууда. Ошондон уламбы, күн өткөн сайын "кара" чүмбөттөр көбөйүп бара жатат. Мындай кийимди мурда күйөөсү өлгөндө же жаманчылык болондо гана кийишчи эле, же булар жаманчылыкты чакырган жарчыларыбы?
Өкүнүчтүүсү жана кооптуусу дал ушундай терс көрүнүштөрдү акчага сатылган блогер, ырчы болмуш сөрөйлөр тынбай даңазалаганды адат кылып алышты. Молдолор аз келгенсип ушулардын колу менен идеология жүргүзүп жатышкан система иштеп жатат.
Кыскасы, кыргыздын менталитетине жат, рухун талкалап жок кылган көрүнүштөрдү жайылтып, арабдын акылга сыйбаган дүйнө таанымын элибизге сиңирип жатышат.
Мындан улам ашынган дин фанаттары балаты өрттөп мамлекеттин ишине каршы чыга баштаган кооптуу окуялар жыл сайын кайталана баштады. Көңүл бурган жан жок. Динди коммерцияга айлантышып Умрага, ажылыкка сертификат, жолдомо ойноткондордон баш айланат. Кыргызча эмес, арабча сүйлөгөн чоң сооп деген ашмалтайлар да чыгууда. Кыргыз бололу, тилибизди, салтыбызды, Манасыбызды унутпайлы деп нукура кыргыз болгусу келгендерди ТЕҢИРЧИ деп бөлүп жатышат. Бул жагдайдын келечеги өтө коркунучтуу. Азыртадан эсибизге келип, мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлбөсө кийин кеч болуп калат.
Албетте, ислам деген жаңы, таза дин. Бирок, мусулмандын баары таза, такыба адам эмес. Динде жүргөндүн баары караңгы эмес, ошол эле маалда бээ десе, төө деген түркөйлөр толтура. Андыктан, диний илими жок топтошуп алып эл кыдырып дин жайылткандарга тыюу салуу кажет. Улуттук баалуулуктарды чанып, дамбал кийип, паранжа тагынуу ашыкча. Баары орду, орду менен болсо эч нерсени жоготпойбуз.
Булак: NazarNews.kg