www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Легендарлуу парламенттин депутаты,
Улуттук илимдер академиясын академиги Жамин Акималиев салык кызматында иштегендерди келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктап, өкмөттүн учурда жүргүзүп жаткан салык саясатына токтолду.
"Салык кызматында иштеген балдар-кыздарыбызды келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктаймын. Мындай кызмат бизге сөзсүз керек. Бирок, кеп анда эмес. Кеп азыркы учурда Өкмөтүбүздүн жүргүзүп жаткан салык саясатында болуп жатат. Мындай саясатты сасык саясат деп айтсак туура болот. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Ормон опузасын" обу жок аткарууда. Өкмөттүн салыктан башка иши деле калбай калды окшойт. Күнүгө эле салыкты көбөйтүү жана тариф менен штрафты көтөрүү жөнүндө көп сөз болуп элдин тынчы кетүүдө. Акылбек инибиздин акылсыз салык саясаты карапайым элдин жонунан кайыш тилгени аз келгенсип, өзүбүздүн өндүрүштү өркүндөтүүгө да тоскоолдук кылып жатат. Анткен себеби, жалгыз салык менен биз экономикабызды эч убакытта көтөрө албайбыз. Мына эки жылдан бери салыктарды көбөйтүү менен алекбиз, бирок ошол эле учурда көзгө илинүүчү бир дагы өндүрүш мекемесин кура алган жокбуз. "Салык" дегениң сайгактай болуп эле качып, элге жукпайт экен.
А чындыгында реалдуу экономиканы орнотуунун негизги жолу болуп тышкы жана ички инвестиция эсептелет. Ал үчүн салыкты көбөйтө бербей, тескерисинче, азайтуу зарыл. Антпесек бизге сырттан инвесторлар келбейт, ал эми өлкөбүздүн ичиндеги өзүбүздүн ишкерлерибиз чет мамлекеттерге качышат. Өнүккөн өлкөлөргө барсаң: "инвесторлордун натыйжалуу жана өздөрүнө пайдалуу иштеши үчүн биз кепил беребиз" деген ураандарды көрүүгө болот. Бизде болсо бардыгы башкача: инвесторлорго ыңгайлуу шарттарды түскөндүн ордуна салык менен "коёндой" коркутабыз. Дагы бир маселе. Эмне үчүн Өкмөт "кустуруузациядан" түшкөн 15 миллиард сомду түздөн түз өндүрүшкө жумшабай, башка максаттарга пайдаланып жатат? Экинчиден, эмне үчүн мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын өздөштүрүлүшүн катуу көзөмөлдөбөйбүз? Буга бир мисал келтирейин. Айыл чарба тармагын өркүндөтүп, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылыш үчүн Президент Садыр Жапаров 26 миллиард сомду атайын бөлүп берди. Бирок, ушундай чоң өлчөмдөгү каражат кайда кетти деп сурап койгон киши жок.
"Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем" деген айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков ал акчаларды өлкөбүздүн ичинде пайдаланып, өзүбүздүн үрөнчүлүгүбүздү уюштуруунун ордуна, даяр оокатка көнүп калган адатын таштабай, чет мамлекеттен биздин жергиликтүү климаттык шарттарыбызга туура келбеген жана биздин жерде сыноодон өтпөгөн буудай, арпанын үрөндөрүн 1,5 миллиард сомго сатып келип, элди кыйнап кымбат баада таркатты. Анысы аз келгенсип сырттан алып келинген арпанын арасынан "кара көзөө" деген абдан коркунучтуу жана жугуштуу илдет табылды жана ал жаман оору Ысык-Көл, Чүй облустарынын талааларын каптап кетти. Бир жаман жери кара көсөөнүн мителери шамал аркылуу жайылат жана топурактын курамында көп жылдарга сакталып калат. Эми аны жоготуш үчүн көптөгөн чыгымдар талап кылынат. Илдет тараган жерлерге 5 жыл катары менен эгин сеппеш керек жана которушуп айдоону киргизип, жерди терең айдоо зарыл.
Өзүбүздүн ата-мекендик сортторубуздун уруктары себилгенде мындай балээге учурамак эмекбиз. Себеби Республикабызда чыгарылган сорттор кургакчылыкка жана ар кандай илдеттерге туруштук бере алат. Ошону менен бирге Россиянын жана Казакстандын сортторуна караганда түшүмдү көп берет. Министрлер кабинети Президент бөлгөн каражаттардын 10 миллиард сомун кластерлерге бердик деп айтып келет. Бирок андан кандай пайда болгонун эч ким билбейт. Чындыгында, биздин "кластерлер", бул өндүрүш эмес да, алар алып сатарлык менен эле алек болушат. Ушундан улам, берилген ири өлчөмдөгү акчалар талаага кетти десек, жаңылышпайбыз.
Жыйынтыктап айтайын дегеним - биздин Өкмөтүбүз эртеден кечке эле салык менен алек боло бербей, мамлекеттик бюджетти жана инвесторлордун каражатын өндүрүштүн өзүнө чечкиндүү буруш керек. Ошондо гана өлкөбүз өнүгүп, элдин турмушу оңолот",-деп Жамин Акималикв сөзүн жыйынтыктады.
Булак: NazarNews.kg