www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Добуш берүүгө депутаттарды колу-бутун кайрып алып келишти. Мындай пикирин ЖК депутаты Жанарбек Акаев билдирди.

«Ушул жерде мына бир дагы мыйзам долбоору кабыл алынып жатканда, бюджет каралып жатканда, өкмөттүн отчёту болуп жатканда мынча депутат келбейт. Бүт баарынын колу-бутун кайрып алып келишти. Мына бул жерден кечээ бир депутат каршы берем деп жаткан, атын айтпай эле коёюн. Түнү менен бийлик, күч органдары ага дагы телефон чалышып, «сенин туугандарың ушул кызматтарда иштейт, алардын баарын кызматтан алабыз» деп репрессивдик түрдө ушинтип коркутуп алышты. Бүт мына бизнеси жок, тууган-уругу мамлекеттик кызматта иштебеген гана депутаттар калдык. Баш мыйзамды колдоп бергиле, 80дан ашпай калса уят болобуз, орусча айтканда провал болгону калды деп жатышты», — деди Акаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости